Биз менен байланышыңыз

Медэкспо: Кыргызстанда жасалган каражаттар да көргөзмөгө коюлду

Ден соолук | 9 Апр 2019 | 965 | 0

Бишкекте саламаттыкты сактоо жумалыгынын алкагында медициналык техникалардын көргөзмөсү өтүүдө. Анда 18 өлкөдөн келген 80ден ашык компания өздөрүнүн өндүрүмдөрүн, кызматтарын тартуулашат. Бул жолку XIV эл аралык көргөзмө 4 багытта өтүп, келген ар бир жаран туура жашоо образы жөнүндө тренингдерге катышып жана дарылоо боюнча акысыз консультация да ала алышат.

75 жаштагы Асанбек Акматбаев көптөн бери кан басымы көтөрүлүп, ошол дарттын дабасын издеп жүргөн. Бул жолкусунда жарнамалардан угуп XIV эл аралык медициналык көргөзмөгө катышып жаткан чет элдик дарыгерлерден кеңеш алуу үчүн келген.

— Менин бул көргөзмөгө келгенимдин себеби: кан басымым жогору. Аны кантип дарылоонун ыкмалары боюнча Кытайдын дарыгерлеринен кеңеш алдым. Жакшылап карап, өздөрүнүн сунуштарын беришти. Абдан ыраазы болуп калдым.

Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан «МедЭкспого» быйыл 18 өлкөдөн 80ден ашык компания катышып жатат. Анын ичинде жалаң гана медициналык техника эмес, курорттук-санаторий кызматтары сунушталып, тренингдер өткөрүлөт. Уюштуруучу «BiExpoнун» жетекчиси Виктор Линовицскийдин билдиришинче, быйылкы өзгөчөлүк алгачкы жолу «Москвада жасалган» бренди алдында Москва экспорттук борборунун жамааттык экспозициясы катышат.

— Жыл сайын өткөрүлгөн бул көргөзмө биздин медицина тармагындагы адистерге чоң мүмкүнчүлүк. Анткени, бул жакта компаниялар менен түздөн-түз байланыш түзүп, кызматташууга мүмкүнчүлүк болот. Буга чейинки тажрыйбалар көрсөткөндөй, көргөзмө жакшы жыйынтыктарды берип келет. Муну жылдан жылга катышуучулардын саны көбөйүп жатканы менен байкоого болот.

Маселен, Словениядан чыккан Fortuna лазердик аппараттарын көбүнесе эстетикалык операцияларга жана гинекологияга колдонууга болот. “Лазердик ыкма менен оор операцияларды оңой бүтүрүүгө болот”,- дейт Кыргызстандагы өкүл Арсен Жанов.

Лазердик системалар мульти функционалдуу. Гинекологияда, косметологияда, дерматологияда колдонсо болот. Өзгөчө кылдат мамилени талап кылган операцияларда колдонсо жакшы. Бул аппараттар Европадан келет.

Ал эми Ортомед компаниясы Кореядан чыккан акыркы үлгүдөгү кулак-мурун ооруларын аныктоочу аппараттарды сунуштап жатышат. Компаниянын өкүлү Эрлан Байзаковдун айтымында, аппараттар жаңыдан келе баштагандыктан, сурагандардын көпчүлүгү жеке менчик дарылоо мекемелери.

— Аппарат Кореядан келген. Кулак-мурун ооруларын аныктап, дарылоого колдонулат. Акыркы үлгүдөгү аппарат десек болот. Азырынча 1 мамлекеттик, 2 жеке менчик ооруканада колдонулат. Бул аппараттын өзгөчөлүгү: камерасы акыркы үлгүлөрдөн жана санариптештирилген.

Көргөзмөдө Кыргызстанда жасалган медициналык каражаттар да коюлганы менен Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев  мамлекеттик ооруканалар заманбап технология жагынан алда канча артта экенин моюнга алат. Ошентсе да, бул сыяктуу көргөзмөлөр дарыгерлер үчүн жаңы технологиялар менен таанышууга жана камсыздоого шарт түзөрүн белгилейт.

— Кыргызстанда азыркы дарылоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасы өтө жакшы эмес. Томографиянын акыркы үлгүлөрү жок. Бишкек, Ошто жакшы шарттар болгону менен, башка аймактык ооруканаларда техника жагынан аксап келебиз. Бирок бул көргөзмөдө Кыргызстанда жасалган техникалар да коюлду. Алар үчүн да атайын павильондор бар.

Маалыматка ылайык, бүгүн башталган медициналык каражаттардын көргөзмөсү 11-апрелге чейин уланат.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM