Биз менен байланышыңыз

COVID-19да пайдаланылган товарларга тарифтик жеңилдиктин мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 613 | 0

ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүгө багытталган чараларын ишке ашырууда пайдаланылчу товарларды киргизүүгө карата тарифтик жеңилдиктин мөөнөтү 2022-жылдын 30-июнуна чейин узартылды. Мындай чечим Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кабыл алынды.

Учурда көрсөтүлгөн товарлар категориясын ташууда бажы алымынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти колдонуу 2021-жылдын 31-мартында аяктайт.

Ошондой эле «Идентификациялоо жолу менен тамекиге жана алкоголдук продукцияга маркировкалоо киргизүү жөнүндө» чечимдер кабыл алынган, ага ылайык, Кыргызстан өз аймагында идентификациялоо жолу менен алкоголдук продукцияны жана тамекини маркировкалоону өзүнүн мыйзамдарына ылайык киргизүүгө укуктуу.

Буга катар ЕАЭБде GMP өтүү мезгили узартылды – улуттук GMP-сертификатын 2024-жылдын соңуна дейре берүүгө тийиш.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши «ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде өнөр жай объектилеринин ишинин жана бөлүштүрүлгөн энергетиканын натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу» аттуу евразиялык мамлекеттер аралык программасын иштеп чыгууну, ошондой эле биримдиктин аймагында идентификациялык каражаттар аркылуу товарларды маркировкалоодо криптографиялык коргоонун бирлдиктүү механизмин киргизүүнү чечти.

Copyright © 2017 Maral FM