Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Бейтаптар дарыгердин ишине электрондук түрдө баа бере алышы керек

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 928 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) 2019-жылга карата бир катар милдеттерин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө Өмүрбекова 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Фонддун ишинде жетишкендиктер, ошондой эле кемчиликтер да бар экенин айтты.

Ошондой эле мамлекеттик кепилдик программаларынын жана фонддун кошумча программасынын алкагында жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо өздөштүрүлбөгөндүгү чоң көйгөй катары караларына токтолду.

«Бардыгыбызга дарыканалардагы жогорку баалар белгилүү жана аталган программалардын бул деңгээлде ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Буга байланыштуу медициналык дармектердин тизимин табууга мүмкүн болгон дарыканалардын дарегин жана сатуучуларды көрсөтүүчү так жана түшүнүктүү ресурсту иштеп чыгууну өтүнөм. Бул жалпыга жеткиликтүү болушу шарт. Эл айрым дармектерди 50% жеңилдик менен алууга болорун билүүсү тийиш. Бул дагы камсыздандыруунун оңдуу жагын көрсөтөт», — деди вице-премьер-министр.

Ошондой эле «Анкеталаштыруу» программалык камсыздоосун өркүндөтүү керектигин айтты. Поликлиникаларда бейтаптар үчүн кабыл алуудан кийин дарыгердин иш сапатына дароо электрондук форматта баа берүү мүмкүнчүлүгү болушу керектигин эскертти.

Жыйынтыгында Өмүрбекова милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2019-жылы чече турган милдеттер катары бир канча маселелерди көрсөттү.

Алар электрондук саламаттыкты сактоонун  бардык элементтерин киргизүү, алгачкы медициналык-санитардык көмөк көрсөтүүнү өнүктүрүү жана чыңдоо, электрондук кезекти киргизүү боюнча иштерди улантуу жана алыскы райондордон стационардык дарылануу үчүн келген тургундарга сапаттуу медициналык жана профилактикалык кепилденген көмөк көрсөтүү.

Copyright © 2017 Maral FM