Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда тойканаларда маараке өткөрүүгө тыюу салынды

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 1336 | 1

Өкмөт Кыргызстанда тойканаларда ар кандай мааракелерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коронавирустан сактануу аракети боюнча маалымат берген брифингде айтты. Штабдын кабыл алган чечимине ылайык, ар кандай массалык-маданий иш-чараларга,  тойканада өтө турган мааракелерге тыюу салынды. Бул чектөө 3 жумалык убакытка кабыл алынды.

-Андан тышкары 50дөн ашык орундуу тамактануучу жайлардын да ишине чектөө киргизилет. Башка өлкөлөрдө колдонулган сыяктуу эле бизде да тамакты жеткирүү кызматын колдонуп турабыз, -деди вице-премьер-министр.

Андан тышкары компьютердик клубдардын жана ар кандай оюн-зоок жайларынын да иши чектеле тургандыгын белгиледи.

1 пикир

1 пикир

  1. Элди н камын ойлогон инсан

    18.03.2020 18:28

    Келери менен эле спец машиналар менен карантинде кармачу жерге жеткирип кармаш керек эле. Депутаттар оздору баш болуп карантинге барышпай уйлорундо эс алып жатышат. Эл ЭЧ БИРИНЕ КЕРЕК ЭМЕС.ОКМОТ АКЫРЫ ЭЛДИ ООРУТТУ САКТАНБАЙ.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM