Биз менен байланышыңыз

Парламент Аида Исмаилованын талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 857 | 0

Парламент Өкмөт тарабынан вице-премьер-министр кызматына көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырды.

Анын талапкерлигин добуш берүүгө катышкан 91 депутаттын баары колдоду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аида Исмаилованын талапкерлигин колдогон Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бүгүн талкууда айтылган маселелерди чечүү үчүн биргеликте аракеттене турганын белгиледи.

Мурунку вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз арызынын негизинде бүгүн, 1-апрелде кызматын тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM