Биз менен байланышыңыз

Исмаилова: Ооруканада коргонуучу каражаттар жетишсиз болсо, жетекчиси жоопкерчиликке тартылат

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 640 | 0

Эгерде аймактарда жеке коргонуучу каражаттардын жетишсиздиги боюнча кандайдыр бир маселе болсо, саламаттыкты сактоо мекемесинин жетекчиси түздөн-түз жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова «Марал» радиосуна берген маегинде эскертти.

Анын айтымында, кээ бир учурларда кампада керектүү каражаттар жетиштүү болуп, бирок дарыгерлерге берилбей калып жатат.

«Ар бир облуста, ар бир райондо, ар бир медициналык мекемеде канча медициналык керектелүүчү каражат бар экендиги боюнча маалымат топтолот. Алар көбөйүп жатабы, азайып жатабы бул боюнча анализ жүргүзүлүп, Республикалык штабдын деңгээлинде айтылып чыгат. Анткени ар түрдүү уюмдардан жана жеке жарандардан гуманитардык жардамдар келип жатат«, — деди Исмаилова.

Өкмөт мүчөсү билдиргендей, Республикалык штабдын жергиликтүү өкүлдөрү кайсы каражат, канча өлчөмдө керектиги тууралуу кабарлап турушат. Керек болгон каражаттар райондун  алыс-жакынына карабастан жеткизилет.

Аны менен катар Исмаилова жакында эле ооруканаларга өз деңгээлинде керектүү коргонуучу каражаттарды сатып алуусуна бюджеттен 300 млн сом бөлүнүп берилгенин эскертти. Мындан улам саламаттык сактоо уюмдарында жеке коргонуучу каражат боюнча көйгөй жаралбашы керектигин кошумчалады вице-премьер.

Copyright © 2017 Maral FM