Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова менен Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 2500 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, вице-премьер-министр кызматынан Алтынай Өмүрбекова жана Саламаттыкты сактоо министри кызматынан Космосбек Чолпонбаев бошотулду.

Эске салсак, кечээ 31-мартта Коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн сындап, коронавируска каршы күрөштө өз милдетин так аткара албаганын айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM