Биз менен байланышыңыз

Тилеков: Зайналиев өңдөнгөн табыптар абдан көп

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Янв 2019 | 996 | 0

Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков “Марал” радиосуна берген маегинде өзүн табып деп атап алган Хашим Зайналиевге башынан каршы экенин билдирди.

Тилеков Зайналиев сыяктуулар көп экенин айтат.

«Элдик дарыгерлерди сыйлайм. Алар дарылай турган оорулар болот. Бирок хирургиялык жол менен, нур, химиотерапия колдонулган илдеттерди дарылашпай эле койсо… Зайналиев дагы эле ишмердигин улантчу болсо жаранда оорусун өөрчүтүп алган учурлар болот. Зайналиев өңдөнгөндөр абдан көп. Эгер алар ракты дарылап жок кылса, анда дүйнө жүзү аларды  даңазлап албайт беле? Аларды мыйзамдуу түрдө иштесе ким кой дейт? Паллиативдүү жардам ачып, лицензия алып иштей беришсин», — дейт Тилеков.

Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айында Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор абалда кыз түшкөн. Кийинчерээк ал кызды ата-энеси дарылоонун ордуна, табыпка алып барып жүргөнү аныкталып, анын кесепетинен кыздын абалы оорлошконун дарыгерлер айтып чыгышкан.

Хашим Зайналиев “алдамчылык” беренеси боюнча айыпталып, №1 убактылуу кармоочу жайга камалган. 2019-жылдын 21-январында Октябрь райондук соту элдик табып Хашим Зайналиевди бошоткон, ага козголгон иш токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM