Биз менен байланышыңыз

Тилеков: Балдардын рак оорусун дарылоону өкмөт каржылайт

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Янв 2019 | 724 | 0

Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков “Марал” радиосуна берген маегинде балдардын рак оорусун дарылоо 90 пайызга чейин мамлекет тарыбынан камсыздаларын билдирди.

Анын айтымында, куюлган кан, химиопрепараттардан сырткары колдонулган дары-дармектердин бары бекер берилет.

Химиопрепараттардын жүздөн ашык түрү бар. Алар абдан кымбат. Бирок Улуттук онкология жана гематология борбору фармацевтикалык фирмалардын койгон бааларына кийилигише албайт.

«Ага күчүбүз да жетпейт. Мындан улам химиотерапияны арзандатып берем деп айта албайм. Балдардын көпчүлүгү аккан оорусу менен жабыркайт. Ага колдонула турган химиопрепараттардын 90%, андан сырткары кадимки дарылар да өкмөттүн эсебинен берилет. Калган 10 пайызын дагы алып бермекпиз, бирок айрым химиопрепараттар биздин өлкөдө каттоодо жок. Себеби дарыылап келген фирмалар 30-40 флаконду алып келүүгө кызыкпайт. Аны биз тендер жолу менен сатып алууга укугубуз жок», — дейт Тилеков.

Анын билдиргенине караганда, онкогематологиялык дарт менен жабыркагандар дагы 100% өкмөт тарабынан каржыланат.

Улуттук онкология жана гематология борбору 2, 5 млн сомго жаңы аппарат алган. Эми мекеме жарандарга химиопрепараттарды жок дегенде 50 пайызга чейин арзандатуунун үстүндө иштеп жатат. Бул маселе жыл ичинде чечилиши ыктымал.

 

Copyright © 2017 Maral FM