Биз менен байланышыңыз

Тилеков: Өлкөдө 100 өлүмдүн онуна рак илдети себеп болот

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Янв 2019 | 835 | 0

Улуттук Онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков “Марал” радиосуна берген маегинде Кыргызстанда онкологиялык оорулуулардын саны туруктуу сакталып келе жатканын билдирди.

Анын айтымында, ракка кабылган жарандар убагында дарыгерге кайрылбагандыктан оору өрчүп кетет. Мындан улам рак менен жабыркагандар каза тапкан учурлар көп кездешет. Бирок рак өкүм эмес, аны убагында тапса 100% айыктырууга болот.

«Өлкөдө рак оорусу менен жабыркаган 25,5 миң жарым адам каттоодо турат. Ооруларды структурасын карасак, аялдардын төшүнүн рагы биринчи орунда турат. Экинчи орунда жатындын моюнчасынын рагы турса, кийинкиде ашказан жана өпкөнүн рагы турат. Кыргызстанда 100 миң оорулуунун 89у рак менен күрөшөт. Бул көрсөткүч коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Алсак, өлкөдө 100 адам өлсө, анын  51и жүрөк жана кан тамыр оорусунан каза табат. Калган 10 адам рактан улам көз жумса, дагы 10у жол кырсыктарынан каза болот», — дейт Тилеков.

Анын билдиргенин караганда, жарандар ден солугуна көп көңүл бурбай, кайдыгер мамиле жасайт.

Аялдардын ракка кабылуусуна бир себеп — аз төрөгөндүк

 

Copyright © 2017 Maral FM