Биз менен байланышыңыз

Аялдардын ракка кабылуусуна бир себеп — аз төрөгөндүк

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Янв 2019 | 800 | 0

Кыргызстанда 25,5 миң жаран рак оорусуна чалдыккан. Бул тууралуу Улуттук Онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков “Марал” радиосуна берген маегинде айтты. Ал оорунун өтүшүп кетишине жарандардын дарыгерге кайрылбаганын айтып, өз учурунда көрүнсө, бул илдеттен арылууга болорун эскертти.

«Кичинекей сөөлдү да, меңди дагы онколог көрүшү керек. Жылына жок дегенде бир жолу медициналык текшерүүдөн өтүп коюу зарыл. Мындан сырткары жакындары рак менен ооруган адамдар сөзсүз түрдө үй-бүлөлүк дарыгелер тобунун көзөмөлүндө болушу керек. Рак оорусун чакырган фактылар, кыргыздар этти көп жейбиз. Бул жоон ичегинин рагынын бир себеби болот. Экинчиден, кыймылсыз көп отурабыз. Алсак, аялдардын төшүнүн рагына алардын аз төрөп, балдарды эмизбей жатканы дагы себеп болот», — дейт Тилеков.

Тилековдун белгилешинче, Кыргызстанда онкологиялык оорулуулардын саны туруктуу сакталып келе жатат.

Copyright © 2017 Maral FM