Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова онкологиялык ооруларды алдын алуу боюнча акцияны баштоону тапшырды

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 864 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Улуттук онкология жана гематология борборунун маммология, абдоминалдык жана торакалдык хирургия бөлүмдөрүн, ошондой эле  радиологиялык корпустун 1-чи жана 2-тосмо жайларын көрүп келди. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Вице-премьер-министр Өмүрбекова 2017-жылы онкология жана гематология борборунун корпустарын оңдоо жана реконструкциялоого 290 млн сом бөлүнгөнүнө токтолуп, 2018-жылы Өкмөт тарабынан кошумча 20 млн сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

Эндоскопикалык жабдууларды, гистологиялык лабораториялык комплексти, премиум класстагы  ультра үн тутумун жана хирургиялык жабдууларды, видеобронхоскоп жана видеогастроскоп сатып алуу боюнча иштер жүрүүдө. Мунун баары «Кумтөр Голд Компани» тарабынан бөлүнгөн 7 млн долларга сатылып алынат», — деп билдирди вице-премьер-министр.

Ошондой эле Өмүрбекова 2019-жылдын экинчи кварталында KIG 6007 долбоорунун алкагында ядролук медицина бөлүмүнө коргоочу-технологиялык жабдуулар жана реагенттүү Технеция-99М генераторлорун алуу пландалып жатканын маалымдады.

Кыдыруунун аягында вице-премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигине онкологиялык ооруларды алдын алуу боюнча жалпы республикалык акцияны баштоону тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM