Биз менен байланышыңыз

Түркия Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 669 | 0

Түркия коронавирус менен күрөштө Кыргызстанга медициналык каражат түрүндө гумжардам жөнөтөт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандыгы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

— «Түркия COVID-19га каршы күрөштө кыргыз элине жардам берүүнү улантууда«, — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Анын алкагында Түркия төмөнкү медкаражаттарды Кыргызстанга жөнөтөт:

•жасалма дем алдыруучу аппараты — 20 даана;
•респиратордук беткап (N95) — 50 миң даана;
•хирургиялык маска — 100 миң даана;
•медициналык комбинезон — 35 миң даана;
•жүз коргогуч — 2 миң даана;
•SARS-CoV-2 (2019-nCov) RT-qPCR ПЦР тест — 20 миң даана;
•вирустук нуклеин кислотасын изоляциялоочу комплект (Virus Nucleic Acid Isolation Kit) — 20 миң даана;
•гидроксихлорохин дарысы — 10 миң куту;
•кычкылтек концентратору — 50 даана.

Жардамдар түздөн-түз Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет.

Copyright © 2017 Maral FM