Биз менен байланышыңыз

Осмонали Масалиев Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасына башкы дарыгер болду

Кыска кабар | 4 Фев 2022 | 575 | 0

3-февралда Кыргыз-түрк достук ооруканасын кыргыз тарапка расмий өткөрүп берүү аземи болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага оорукананын мурдагы башкы дарыгери Өзгүр Челеби жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов катышты. Ал оорукананын жаңы жетекчиси Осмонали Масалиевди жамаатка тааныштырып, бул орунга дайындалышы менен куттуктады.

Өз кезегинде түрк тараптын өкүлдөрү кыргызстандык кесиптештерине жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгилик каалашты.

Масалиев Осмонали Саттарович 1967-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Copyright © 2017 Maral FM