Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктургандардын тогузу оор абалда жатат

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 1373 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор, бешөө реанимацияда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Маалыматка ыйлайык, бүгүнкү күндө 241 киши ооруканада жатат.

— 9 адамдын абалы оор, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө, атайын дем алдыруучу аппаратка кошулган, кислород менен дем алып жатышат. Өлкөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, — деди  Абдикаримов.

8-апрелге карата Кыргызстанда бул илдетти жуккандардын саны 270, алардын 25и айыгып, төртөө каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM