Биз менен байланышыңыз

Дагы эки дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 24 мая 2020 | 552 | 0

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 2 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 275 учур катталды, алардын ичинен 230 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Ошондой эле, акыркы сутка ичинде 2234 анализге изилдөөлөр жүргүзүлдү. COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгондордун саны 6775 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Учурда Кыргызстан боюнча 1901 адам обсервацияда жатат.

24-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алган 409 адам стационарда дарыланууда, алардын ичинен төртөө- реанимацияда.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1403 адамга жетти. Алардын ичинен 980 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM