Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: COVID-19 көп учурда чет өлкөдөн келген жарандарда тастыкталып жатат

Кыска кабар | 23 мая 2020 | 777 | 0

23-майга карата 15 жаңы катталган учурдун, 10у сырттан келгендерден табылса, калганы оорулуулар менен байланышта болгондордун арасынан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде билдирди.

Жүргүзгөн анализдин негизинде, COVID-19 вирусу көпчүлүк учурда чет өлкөдөн келген жарандарда тастыкталып жатат.

Санкт- Петербургдан келген биздин тогуз курсант балдарыбыз коронавирус жуктуруп алган. Келгенден кийин тыкыр текшерүүгө алып, аларга обцервация шартын түзүп беришти , — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле, ал республика боюнча социалдык жана экономикалык чөйрөдө иштин түрлөрү жандана баштаса да, вирус жугузуп алуу коркунучу дале бар экендигин айтып, бардык жарандардан социалдык аралыкты сактап, беткап тагынып, антисептик колдонуп, ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1365 адамга жетти. Алардын ичинен 957 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM