Биз менен байланышыңыз

«Роспотребнадзор» кыргызстандыктарды мекенине кайтаруудан мурун текшерет

Кыска кабар | 23 мая 2020 | 727 | 0

Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) кыргызстандык жарандарды мекенине кетерден мурда коронавируска карата текшерет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, чет жерден жаранды мекенине кайтарууда, аларды учакка же автобуска салып алып келүүдө көп адамдар коронавирус жугузуп алууда.

Соль-Илецктен келген жарандардын арасында оору аныкталган учурдан кийин Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчилигине кайрылып, алар тараптан колдоо таптык. Алар биздин мекендештерди алып кетерден мурда текшерүү жүргүзүү үчүн көчмө лаборатория жөнөттү. Учурда лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп жатат. Эгерде алардын арасында ооругандар болсо, алар боюнча алгоритмге ылайык иш-аракеттер көрүлөт. Башка аба каттамдары тууралуу айтсак, жарандар ар кайсы жактардан келип жатат. Иран, Франкфурт на Майне (Германия), Екатеринбург, Москва, Дубайдан келип жатышат. Алар боюнча алгоритм бекем сакталууда , —  деди Үсөнбаев.

Ошондой эле, ал чет өлкөдөн келген жарандар обсервацияга жаткырылып, лабораториялык изилдөө, медициналык көзөмөл жүргүзүлүп, андан кийин гана үй карантинине чыгарылып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM