Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Улуттук онкология жана гематология борборунун маммология, абдоминалдык жана торакалдык хирургия бөлүмдөрүн, ошондой эле радиологиялык корпустун 1-чи жана 2-тосмо жайларын көрүп келди. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Вице-премьер-министр Өмүрбекова 2017-жылы онкология жана гематология борборунун корпустарын оңдоо жана реконструкциялоого 290 млн сом бөлүнгөнүнө токтолуп, 2018-жылы Өкмөт тарабынан кошумча 20 млн сом бөлүнгөнүн кошумчалады.
“ Эндоскопикалык жабдууларды, гистологиялык лабораториялык комплексти, премиум класстагы ультра үн тутумун жана хирургиялык жабдууларды, видеобронхоскоп жана видеогастроскоп сатып алуу боюнча иштер жүрүүдө. Мунун баары «Кумтөр Голд Компани» тарабынан бөлүнгөн 7 млн долларга сатылып алынат», — деп билдирди вице-премьер-министр.
Ошондой эле Өмүрбекова 2019-жылдын экинчи кварталында KIG 6007 долбоорунун алкагында ядролук медицина бөлүмүнө коргоочу-технологиялык жабдуулар жана реагенттүү Технеция-99М генераторлорун алуу пландалып жатканын маалымдады.
Кыдыруунун аягында вице-премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигине онкологиялык ооруларды алдын алуу боюнча жалпы республикалык акцияны баштоону тапшырды.