Биз менен байланышыңыз

Санитардык текшерүүлөргө тоскоол болгон мораторий жана жаңы мыйзам

Өлкө боюнча быйыл 9 айда тамак-аштан уулануу боюнча 69 учур катталып, 385 адам жабыркаган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору маалымат жыйында айтты. Анын жүрүшүндө жакында эле чуу болгон «Алькони» ишканасынын санитардык абалы тууралуу да түшүндүрмө берди. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору кайсы учурда тамактануучу жайларды жана тамак-аш азыктарын текшере алат? Бордордун ишине өлкөдөгү объектилерди санитардык талаптар боюнча текшерүүгө киргизилген мораторий тоскоолдук жаратып жатабы?

Жакында «Не сахар» долбоорунун «Алькони 100» жеңил тамак-аш өндүрүүчү жайында тарткан видеосу коомчулукта резонанс жараткан. Анда тамактын санитардык норма сакталбай өндүрүлүп жатканы көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев «Алькони» ишканасына тамак-аш азыктарын өндүрүүдө санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн 2 протокол түзүлүп, 36 миң сомго айып пул салынганын билдирди.

Ошондой эле ал ишкана эркин экономикалык аймакта жайгашкандыктан департамент текшерүү жүргүзүүгө укугу жок экенин белгилеп, Экономика жана коммерция министрлигинен жолдомо берилгенден кийин гана текшерүүлөр жүргүзүлөрүн түшүндүрдү. Эгер аталган министрлик руксат бербесе, санэпид текшере албайт.

«Эгер арыз же кайрылуу түшсө, анда министрликтен жолдомо алабыз. Анда дагы беш күн гана берилет, ушул убакытта текшерүү жүргүзүшүбүз керек. Жетекчилери иш бөлмөсүндө жок болсо бизди киргизбей койгонго укугу бар. «Алькони» ишканасы көптөн бери иштеп келет. Бирок ал Бишкек эркин экономикалык аймакында жайгашкан. Андыктан текшерүү жүргүзгөнгө биздин ыйгарым укугубуз жок. Ал эми Тунгуч кичирайонундагы имараты 2021-жылы ачылган, мыйзамга ылайык, текшерүүнү 2024-жылдын май айында гана жүргүзө алабыз. 3-ноябрда түшкөн каттын негизинде министрликтен жолдомо алып, «Алькони» ишканасын текшерип, 36 миң сомго эки протокол толтурулду».

«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү» мыйзам боюнча, ишкана ачылгандан кийин үч жыл өткөн соң гана санитардык текшерүү жүргүзүлөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Бүбүжан Арыкбаева ушул жылдын 9 айында өлкө боюнча 385 жаран тамак-ашка ууланганын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы объектилерди санитардык талаптар боюнча текшерүүгө киргизилген мораторийге 3,5 жыл болду.

«Быйыл 1 миң 952 объект текшерилип, анын ичинен санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу 1 миң 670 объектте катталган. Бир гана пандемия учурунда санэпидрежимин сактоо боюнча текшерүүлөр болду. Буга чейин объектилердин ачылышында барып текшерчибиз. Эгер талаптарга жооп берсе гана ачылчы. Азыр андай ыйгарым укуктарыбыз жок. Ишкана ачылгандан кийин үч жыл толгончо текшере албайбыз, ошондой эле үч жылдан кийин башка адамга каттатып койсо дагы созулуп кетет. Мындан сырткары, текшерүүлөр жылына кыскарып жатат, эң жаман объектке дагы жылына экиден ашык барганга болбойт».

Мекеменин маалыматына ылайык, санитардык эрежелерди бузуу боюнча 4 млн 503 миң сомго айып салынды. Жалпы 1 миң 756 көрсөтмө берилип, анын ичинен 18 объект ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча болсо, үчөөнүн материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлдү.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин төрагасы Султан Абдыкадыров ишкердик субъекттерди санитардык текшерүүдөгү көйгөйлөргө токтолду.

Анын айтымында, учурда санитардык дарыгерлердин ыйгарым укуктары чектелүү.

«Продукцияны чыгаруу жана түзүү үчүн бардык жоопкерчилик ишкерге жүктөлөт. Ал көп учурда продукцияны түзүүнүн айрым эрежелерине көңүл бурбайт. Текшерүүнүн планы Экономика жана коммерция министрлигинин сайтында жайгаштырылган, мындан тышкары, ишкерлер текшерүүгө 10 күн калганда маалымдалат. Менимче, бул норма бардык документтерди жана отчетторду өз убагында даярдашы керек. Санитардык кызматтын жакшы иштеши үчүн эскертүүлөрдү алып салуу, текшерүү баракчасын жана меморандумду колдонууга милдеттендирүү зарыл».

Бүгүнкү күндө өлкөдө коомдук тамактануу жайларында тамак-аштан ууланган учурлар көбөйүү тенденциясы байкалууда. Уулануулардын 92% коомдук тамактануучу жайларда, кафе-ресторандарда, чайканаларда жана башкаларда болсо, калгандары үй шартында болгон.

Бирок жаңы мыйзамдарга жана буга чейин ишкердик субъекттерин текшерүүгө киргизилген мораторийге байланыштуу санитардык текшерүү дээрлик жүргүзүлгөн эмес.

Ал эми акыркы 4 жылдагы тамак-аштан уулануу боюнча статистиканы карасак:

— 2018-жылы 126 уулануу фактысы катталып, 605 адам жабыркаган;

— 2019-жылы 185 уулануу учуру катталып, 558 адам жабыркаган;

— 2020-жылы уулануунун 90 учуру катталып, 267 адам жабыркаган;

— 2021-жылы 93 уулануу учуру катталып, 569 адам жабыркаган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM