Биз менен байланышыңыз

ЖЭБдин кышка даярдыгы: быйыл 1,5 млн тонна көмүр сатып алынат

Коом | 26 Окт 2022 | 377 | 0

Бишкек жылуулук электр борбору шаар мэринин токтомуна ылайык, бүгүнтөн тарта шаарга жылуулук бере баштады. Эң алгач социалдык объектилерге берилет, андан кийин көп кабаттуу үйлөргө жетет. Жылуулукту шаарга толук жеткирүү бир жумага созулат. Быйыл өкмөттүн токтомуна ылайык, жылуулук электр борборуна 1,5 млн тонна көмүр сатып алынат. Ал эми өткөн жылы 1 млн 800 миң тонна көмүр сарпталган. Учурда ЖЭБ күз-кыш мезгилине карата бардык жабдыктарды оңдоп-түзөөдөн өткөрдү.

Бишкек шаарындагы бардык объектилерди жылуулукка кошуу бир нече күнгө созулат. Энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн шаарга жылуулук бериле баштаганын, ал эми карызы бар мекемелерге жылуулук кечирээк берилерин Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Суук башталганына байланыштуу 70 мегаваттан 270 мегаватка чейин жүктөөнү көбөйттүк. Бүгүн эртең менен саат 06:00дөн баштап шаарга жылуулук бере баштадык. Биринчи кезекте жылуулук мектеп, оорукана, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин жылуулук, карызы жок турак жайларга, өндүрүш ишканаларына жана мекемелерге берилет. Ал эми карызы бар мекемелерге жылуулук акыркы болуп берилет. 1жуманын ичинде ар бир үйдө жылуулук болуп калат».

Буга чейин Бишкек жылуулук электр борборуна 400 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча Казакстандын «КарТрансКөмүр» компаниясы менен келишимге кол коюлган. Көмүрдүн биринчи партиясы октябрда алып келинди.

Жылуулук электр борборунун башкы инженеринин орун басары Нурлан Кульжигачов учурда кампада 257 миң тоннадан ашык көмүр бар экенин айтты. Күнүмдүк керектөө суткасына 1,5 миң тоннага жакын көмүрдү түзөт.

«Кыргыз көмүр ишканасы күнүнө 3-4 миң тоннага чейинки көмүрдү берип жатышат. Ноябрда дагы импорттук көмүр келет. Ал үчүн атайын орун даярдалды. Кампага жалпы 350 миң тоннанын тегерегинде көмүр батат. Көмүр октябрдан баштап мартка чейин келет. Катуу суук болгондо 7,8 миңге чейин керектелет. Былтыр 1 млн 800 миң тонна көмүр алганбыз. Быйыл өкмөттүн токтому боюнча 1,5 млн тонна көмүр сатып алабыз».

Бишкек жылуулук электр борбору жыл сайын күз-кыш мезгилине карата ишкананын ичиндеги техникалык жабдыктарды оңдоп-түзөөдөн өткөрөт. Бул кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүктөрдүн алдын алууга жардам берет.

Инженердин орун басары Кульжигачов быйыл пландаштырылган бардык оңдоп-түзөө иштери толугу менен жыйынтыкталганын айтты.

«Трубалардын цехи бар. Ал жакта айландырып электр энергиясын чыгарат. Мындан сырткары жылуулук энергиясын да чыгарып турат. Оңдоо иштери күз-кыш мезгили бүткөндөн баштап сентябрь, октябрга чейин уланат. Быйыл пландаштырылган бардык оңдоп-түзөө иштери аягына чыкты. Күз-кыш мезгилине даярбыз».

Буга чейин Энергетика министри Ибраев Бишкек жылуулук электр борборунда көмүрдүн запасы жаңы жылга чейин жетерин маалымат жыйында билдирген.

Учурда борбордун кампасында 257 миң тоннадан ашык көмүр бар.

Былтыр 8-июлда 25 вагон менен Кара-Жыра көмүрүнүн биринчи партиясы келген. Келишимге ылайык 643 миң тонна көмүрдүн баары 2022-жылдын апрель айына чейин алынып келет. Бишкек ЖЭБине күз-кыш мезгили үчүн Кара-Кечеден да көмүр сатып алынат.

Эгер жылуулук келбесе же авария болгон учурда төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот:

Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980 же 0557 61-11-66, 0777 61-11-66, 0701 61-11-66;

Диспетчердик кызмат: 56-85-58;

Борбордук райондун нөөмөт инженерлери: 36-57-19, 30-07-67;

Түштүк районунун нөөмөт инженерлери: 51-06-22, 21-74-06.

 

Copyright © 2017 Maral FM