Биз менен байланышыңыз

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында жоголгон мал ээлерине кайтарылды

Кыска кабар | 13 Янв 2022 | 417 | 0

Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Исфара районунун Ворух анклавы чектеш болгондуктан эки өлкөнүн элинин малы чек арадан өтүп кетип жүргөн.

Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси менен Исфара райондук милициясынын башчысы сүйлөшүп, 12-январда Кыргызстан 9 койду, ал эми Тажикстан 2 уй, 4 эчкини өткөрүп беришти.

Чек арадан өтүп кетип жоголду делген мал ээлерине кайтарылды.

Copyright © 2017 Maral FM