Кыргызстанда 10-январга карата коронавирус 198 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында – 136, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 29, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада илдеттен бир бейтап каза болду.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 65 адам коронавирус жуктурган, ал эми 2 миң 819 адам каза болду.