Биз менен байланышыңыз

Сариев менен Оторбаев абактан бошотулду

Кыска кабар | 21 Ноя 2021 | 194 | 0

Экс-премьер-министрлер Темир Сариев менен Жоомарт Оторбаевдин баш коргоо чарасы кайрадан каралып, эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Темир Сариев 3-августта экономика министри жана тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда «Кумтөр» кенинин ишинен экологияга келтирилген зыянды азайтып көрсөткөнүн жана анын айынан мамлекет ири өлчөмдөгү чыгымга учурагаган деген айып менен камалган болчу.

Ал эми Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп турганда Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин «Кумтөр» кенинин башкы планы боюнча экспертиза жүргүзө турган комиссиясына кысым көрсөтүп, чет элдик компаниянын кызыкчылыгы үчүн Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген деген шек менен камалган.

«Кумтөр» иши боюнча УКМКнын тергөө абагына мурдагы өкмөт башчылар Темир Сариев менен Жоомарт Оторбаев, депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров жана президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев камакка алынган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM