Биз менен байланышыңыз

Экс-мэрлердин сотунда мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев сурак берди

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 436 | 0

Бүгүн Ленин райондук сотунда Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун сот иши уланып, анда күбө катары экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев сурак берди.

Оторбаев 2014-жылы өкмөт башчы болуп шайланганга чейин билим берүү жана мектеп куруу маселелери менен алектенгенбегенин айтып, ага чейин объект боюнча кандай чечимдер кабыл алынганын билбесин билдирди.

Жоомарт Оторбаевдин билдирүүсүндө, ага кол койгон өкмөттүн токтомунда мектепти долбоорлоо процесси эксперимент катары болот деп көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, экс-мэрлер «коррупция» беренеси боюнча айыпталган. Тактап айтканда, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушунда, «Дастан» ишканасында, муниципалдык жерлерди берүүдө мыйзамсыз аракеттерге барган деген кине коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM