Биз менен байланышыңыз

Курсан Асановдун сотунда Атамбаевди суракка алуу өтүнүчү айтылды

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 861 | 0

Курсан Асановго козголгон кылмыш иши боюнча сотто мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка чакыруу өтүнүчү келтирилди. Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова иштин материалдарында Атамбаевдин көрсөтмөсү камтылганын белгилеп, экс-президентти алып келип, суракка алууну өтүндү.

Соттук отурумга төрагалык кылган судья Адылбек Эсенбаев бул өтүнүчтү ачык калтырды.

Кийинки отурум 17-мартка белгиленди.

Курсан Асанов «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган.

Кийин Асановго карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 27-августта Асановдун 22 жаштагы уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланып, жардамчысы Дамир Пайзилда уулу камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM