Биз менен байланышыңыз

Мадеминов: Асановдуку делген аудио жазууну жасагандар аныкталсын

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 653 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов өлкө экономикалык кризисте турган учурда саясий куугунтуктоону токтотуу керектигин айтты. Ошондой эле ал Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиону кимдер жасагандыгын Башкы прокуратура тез арада териштирүүсүн суранды.

Ошондой эле ал аталган ишти ким жасагандыгын ачыкташ керектигин эскертти.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго таандык деп айтылган аудио жазуу боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Жактоочу Нурбек Токтакуновдун айтымына караганда, аудио жазуу монтаждалганы аныкталды.

Буга чейин социалдык тармактарда Курсан Асанов менен «Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Аны Асановдун жактоочусу Чолпон Жакупова Орусиянын жана Казакстандын экспертизасына жиберген. Эки экспертиза тең аудио монтаждалган деп жыйынтык чыгарган.

Сөз болуп жаткан аудиожазууда көтөрүлүш тууралуу сөздөр болуп, бир нече саясатчынын аты аталган.

Буга байланыштуу 14-сентябрда Курсан Асанов ИИМге суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган. Асановго Жазык кодексинин 309-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») боюнча иш козголгон.

15-сентябрда Биринчи май райондук соттун чечими менен Асанов №50 тергөө абагына 14-ноябрга чейин камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM