Биз менен байланышыңыз

Курсан Асанов камакка алынды

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 907 | 0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов камалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде (Бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча жаңы сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Анын алкагында тергөө Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууга даярданып жана уюштуруп жүргөнү аныкталган.

Ушуга байланыштуу Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эске салсак, Курсан Асанов өткөн жылдын 5-6-октябрындагы окуяларда Ички иштер министрлигин басып алууга айыпталып, 26-январда камакка алынган. Ага Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгү (имараттарды жана курулуштарды басып алуу) менен айып тагылган. 12-апрелде Бишкек шаардык сотунда баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM