Биз менен байланышыңыз

Суваналиев ИИМдин өздүк курамы менен жолукту

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 1461 | 0

Бүгүн, 9-октябрда Ички иштер министрлигинде Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын координатору Өмүрбек Суваналиевдин жетекчилиги алдында жыйын өттү. Иш-чарага Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов, министрдин орун басарлары жана ИИМдин борбордук аппаратынын өздүк курамы катышты. Бул тууралуу ИИМдин расмий сайты жазды.

Жыйында Өмүрбек Суваналиев өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча иштерди күчөтүү керектигин, мамлекетти коргоо үчүн Ички иштер министрлигинин бардык бөлүктөрүнүн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн жогорку деңгээлде уюштуруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле чагымчыл күчтөр тарабынан кырдаалды курчутуу аракети болуп жаткандыгын билдирди. Күч түзүмдөрүнүн кырдаалды көзөмөлдөөгө жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүгө күчү жана каражаты жетиштүү. Бул багытта ишмердүүлүктү күчөтүү зарыл.

— ИИМ жана башка күч түзүмдөрү саясаттан тышкары болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмаларды чечиши керек. Биз саясаттан тышкарыбыз жана кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын колдобойбуз, биз саясаттан тышкары турган мамлекеттик күч органыбыз. Биздин негизги максат — мамлекеттин коопсуздугун сактоо. Биз криминогендик кырдаалды начарлатууга жол бербей, республикада ар кандай саясий күчтөрдүн таасир берүү аракетине, туруксуздаштыруу жана мамлекеттик бийлик органдарын алсыздантуу аракеттерине катуу бөгөт коюшубуз керек, — деди Суваналиев.

Copyright © 2017 Maral FM