Биз менен байланышыңыз

Ташиев жана Суваналиев тажик тарап менен сүйлөшүүгө жөнөп кетти

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 678 | 0

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев тажик тарап менен сүйлөшүүгө жөнөп кетти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 28-апрелде чет өлкөгө дарыланууга чыгып кеткени айтылган. Андан соң ооруканага жетпей, өлкөгө кайтып келе жатканын жазган.

Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын жетектейт.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орнотуп баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыккан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Баткен облусунун чек аралаш аймактарындагы ок атышуудан азыркы учурга карата 134 кыргызстандык жабыркап, 13 адам каза болду. 25 адам атайын учак менен Бишкек шаарындагы ооруканаларга которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканасына жаткырылган.

Copyright © 2017 Maral FM