Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 3%ы гана аларга жетип келген

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 1119 | 1

Дыйкандарга бөлүнгөн акчанын бир сому да башка жакка кетпесин. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго берди.

Ал өлкөдө жазында дыйкандарда акча, техника, үрөн, күйүүчү май жок болгондуктан жер айдоо тоскоолдукка учурап жатканын белгиледи.

Президенттин айтымында, дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 3%ы гана жетип, калганын чиновниктер туугандары менен алып иштетип келишкен. Мындан улам президент Эсептөө палатасына кредиттер боюнча тапшырма берген.

«Кечээ Эсептөө палатасы отчет берди, аларга бөлүнгөн акчанын 3 пайызы дыйкандарга жетет экен, калгандарын депутаттар, бизнесмендер, чиновниктердин туугандары, министрлер жана азыркы талапкерлердин да айрымдары алып иштетип келишкен. Ошондуктан тамак-аш кооптуулугу келип чыгууда. Сугат жерлер айдалбай калып кетип турган».

Жыйында мына ошол дыйкандарга бөлүнгөн насыяларды кайсы чиновниктер алып келгенин тактап чыгууну, териштирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырды.

1 пикир

1 пикир

  1. Темиркул Токтосунов.

    26.11.2021 21:06

    Садыр Жапаров сиз мыкты иштерди жасап жатасыз элдин журогуундогу койгойду кодун таптыныз ишинизге ийгилик.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM