Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттик шайлоодо талапкер болгон Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча кечээ, 26-январда Ички иштер министрлиги тарабынан кармалды. Айрым эксперттер Асановдун кармалышын саясий куугунтук катары баалашса, айрымдары мындай көрүнүш жаңы бийликке келгендердин адаты болуп калганын айтышууда.
Курсан Асановду кармоо боюнча чыккан токтомдо «Имараттарды жана курулуштарды басып алуу» беренеси жазылган. Бирок эмне кылмышка шектелип жатканы айтыла элек. Октябрь окуялары учурунда Курсан Асанов Ички иштер министрлигинин имаратын басып алууга шектелип жатышы мүмкүн деп божомолдонууда.
Жактоочусу Икрамидин Айткуловдун пикиринде, ИИМдин Тергөө кызматынын Курсан Асановду кармоо жөнүндө чечими жаңы бийликтин ишине карама-каршы болуп жатат. Себеби Курсан Асанов Октябрь окуялары учурунда башаламандыктардын алдын алууга аракет кылган.
«Курсан Асанов Октябрь окуялары учурунда Ички иштер министрлигинин жетекчилиги качып, эч ким эмне кылууну билбей турганда, өз авторитетин колдонуп, жагдайды жөнгө салууга аракет жасады. Ошол кезде президент да жок болчу. Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары болуп турган. Ал Асановду ички иштер тармагындагы абалды көзөмөлдөө үчүн министрликке жиберген. Ошондуктан Курсан Асанов мыйзамсыз иш жасаган эмес. Ал кимдир бирөөнү кызматка коюп же алып, же кайсы бир документке кол койгон милдеттерди аткарган эмес. Ал жөн гана ошол учурдагы башаламандыкты жөнгө салды. ИИМ азыр кайра аны кылмышка айыптап жатканы мыйзамсыз».
Курсан Асановдун кармалышын саясат талдоочу Айданбек Акматов саясий өч алууга көбүрөөк окшоштурат. Анын айтымында, эгерде андай эмес болсо, анда октябрь окуяларында административдик имараттарга барып, мамлекеттик органдарды координациялайбыз дегендерди да камоо керек.
— 4-5-октябрда мамлекеттик бийлик жок болуп, абалды координациялоо үчүн активистер ар жактан чыгышкан. Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси Кашкар Жунушалиев жоголгондуктан, Курсан Асанов иштерди координациялоого жөнөтүлгөн. Ошол кездеги Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Субаналиев өзү да: «Мен жөнөткөм», — деп айткан. Ошондуктан бул жерде Асановдун кармалышы саясий өч алууга окшош. Эгерде андай эмес болсо, кароосуз калган мамлекеттик органдарды координациялайбыз дегендердин арасында кимдер жүргөнүн билебиз да. Шыкмаматов Башкы прокуратурага барган, азыр Финполду жетектеп жүргөн Сыймык Жапыкеев барган, ушундайлар көп да. Курсан Асановго кылмыш иши козголсо, анда алар да камалып, баары бирдей жооп бериши керек. Ал президенттик таймашка чыкканда сүйлөшүүгө чакырышкан. Ал: «Өзүмдүн көз карашым бар, мен парламентаризмди жактайм», — деп макул болгон эмес. Ошол себептен азыр «андай болсо, мындай болот» деп куугунтукка алышып, өткөндө аялын суракка алышса, эми өзүнө кысым жасап жатышат.
Октябрь окуясынан кийин митингчилердин тобу Башкы прокуратурага да барышкан. Алардын көпчүлүгү «Чоң казат» жана «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрү болгон. Башкы прокуратураны Шыкмаматов да, Жапыкеев да убактылуу жетектей турганын айтып чыгышкан болчу. Экс-депутат, саясатчы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, октябрь окуясына укуктук баа бериле турган болсо, комплекстүү каралышы керек.
— Негизи эле 5-октябрь окуясын бөлүп-бөлүп караганга болбойт. Ак үй талкаланган, массалык башаламандык болгон. Мамлекеттик оргондардын баары деморализацияга түшүп калган. Мамлекеттик кызматкерлердин баары жумушка чыкпай, качып жок болушкан. Өкмөт үйүнө да бир топ адам кирип алып, өзүн примьер- министр жарыялай башташкан. Ошондой кырдаалда «хаос» болуп, эл бирин-бирин тоноп, зордук-зомбулук күчөп кетпеши үчүн, жоопкерчиликти мойнуна алган көп саясатчылар, анын ичинде мен да коомдук тартипти орнотуу, мыйзамдуулукту калыбына келтирүү үчүн бардык аракетти жумшаганбыз. Ошондуктан «бир эле адам бир эле имаратты басып алды» эмес, эгерде буга укуктук-тарыхый баа бере турган болсок, анда баарын комплекстүү кароо керек. Мен «ИИМдин имаратын барып басып алган» деген логикага каршымын.
Ал эми саясат талдоочу Алмаз Тажыбай мындай көрүнүш жаңы бийликке келгендердин адаты болуп калгандыгын айтып, бийликтен ажырагандар үчүн бул аракет куугунтук катары көрүнөрүн белгилейт.
— Бизде саясий архитектура системасы ушундай топтолуп калган. Бийликке келген аткаминерлердин баары эле мыйзамдарды өздөштүрүп, бийликке таянып, өз чөнтөктөрүнө тартып, байыганга аракет кылат. Бийликте турганда аларга албетте, күч козголбойт. Эгерде козголсо да, токтоп калат. Анткени бизде сот системасы да көз каранды. Анан саясий бийлик алмашканда гана болгон кылмыштар боюнча отургуза баштайт, бирок отургуза баштаганда, саясий куугунтук болуп калат. Чын эле кылмыш иштерине аралашса да, ал куугунтук болуп калат. Мисалы, азыр мурда Атамбаевдин убагында жанында жүргөндөр куугунтук катары санап жатпайбы? Сот системасы да мыйзамдарга баш ийбейт. Алар куугунтук кылууга же бийликтин саясий ордун бекемдегенге иштейт. Сот системасы, укук коргоо органдары өздөрү да билет. Себеби алар да өз убагында ошондой кылып, башка лидерлерди куугунтукка алышкан. Ошол инструмент жоголгон жок, бийликте ким болсо, ошол бойдон колдоно берет.
Эске салсак, Курсан Асанов 2020-жылдын 7-октябрында Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты болгон. 6-октябрда таңга жуук эл Ак үйдү басып алып, бир катар саясий туткундар абактан чыгарылган. 9-октябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында болуп өткөн массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши ачылып, анын алкагында Курсан Асанов кармалган. Кийин үй камагына чыккан.
Курсан Асанов мурун Ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган, ал кызматтан 2019-жылы кеткен. Ал эми парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен аттанган.