Биз менен байланышыңыз

Сот Курсан Асановдун жардамчысы Дамир Пайзилла уулун үй камагына бошотту

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 1359 | 0

Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жардамчысы Дамир Пайзилла уулу үй камагына бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн чыгарганын генерал Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов “Маралга” билдирди.

Жактоочу, ошондой эле, бүгүн сот иши болуп, айыпталуучу катары өтүп жатышкан Курсан Асанов менен журналист Турсунбек Бейшенбековдун үй камагындагы мөөнөтү эки айга узартылганын айтты.

Асановдун жардамчысы Дамир Пайзилла уулун бошотушту. Ал эми Курсан Асанов менен журналисттин үй камагындагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет, — деди адвокат.

Курсан Асанов «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.

Copyright © 2017 Maral FM