Биз менен байланышыңыз

Генерал Курсан Асановдун иши боюнча сот уланууда

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 917 | 0

Бүгүн, 28-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы ИИМ жетекчисинин орун басары Курсан Асановго байланыштуу кылмыш иш боюнча соттук териштирүү болуп жатат.

Сот процессине бул иште жабырлануучу катары өтүп жаткан экс-вице-премьер Жеңиш Разаков да келди. Разаков “Чындык” гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековго каршы доо койгон.

Тергөөнүн маалыматы боюнча Асанов «Жеңиш Разаков Тажикстандын тыңчысы» деген маалыматты таратууга шектелип жатса, ал эмси гезиттин редактору бул ишке көмөкчү катары шектелүүдө.

Мындан сырткары соттук териштирүүдө 7-8-августтарда Кой-Таш окуясы боюнча иштер каралат.

Copyright © 2017 Maral FM