Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» иши: Сот Жоомарт Оторбаевге 300 миң сом айып салды

Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 468 | 0

Биринчи май райондук соту «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевге 300 миң сом айып салды. Өкүм 2021-жылдын 30-декабрында чыкканын соттун басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

Райондук сот Жоомарт Оторбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү (коррупция) боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Жоомарт Оторбаев 2021-жылдын 16-сентябрында УКМКнын тергөө абагына камалган. Ага «Кумтөр Голд Компанинин» кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга уруксат берген» деген айып коюлган.

Учурда мекемелер аралык тергөө тобу Жоомарт Оторбаевдин мындан аркы баш коргоо чарасын карап жатат. 48 сааттын ичинде Биринчи май райондук сотуна чечимди бериши керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM