Биз менен байланышыңыз

Сариев: Сөз эркиндиги – өнүгүүнүн башаты

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Сен 2019 | 710 | 0

«Марал» радиосу акыркы убактарда жаңылыктарды түз берип, өзүнүн оюн так айтып жүрөт.  Бардык чөйрөнүн өкүлдөрүн — анын ичинен коомдук ишмерлер, саясатчылар, чарбачылык иштер боюнча адистерди чакырып, агрономдор, бизнес чөйрөсүндөгүлөр, маданияттын адамдары өз ойлорун айтып, барган сайын белгилүү болуп бара жатат. Мындай пикирин мурунку премьер-министр, саясатчы Темир Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Темир Сариев белгилегендей, азыр атаандаштык аябай күчтүү. Сапаттуу жаңылыктарды, сапаттуу берүүлөрдү берсе, «Марал» радиосу белгилүү боло берет.

«Азыр ар ким өзүнө керектүү гана маалыматты издеп жатат. Биринчиден, жаңылыктардын түз жана таза берилгени. Көптөрү таңуулаганды эмес, өздөрү көрүп туруп, анализдегенди жакшы көрөт. Экинчиси, эксперттик пикирлер, күчтүү талдооочулар болсо. Үчүнчүсү, дүйнөдө технология, илим-билим, медицина тармактарында жаңылыктар көп болуп жатат. Төртүнчүдөн, жаңылыктар инфографика менен берилсе, оңой жана түшүнүктүү болот», — деди Темир Сариев.

Темир Сариев ошондой эле сөз эркиндиги өнүгүүнүн башаты экендигин кошумчалады.

«Сөз эркиндиги десек, журналисттер аны өзү түшүнгөндөй кабыл ала берет. Кандайдыр бир жалпы жазылбаган мыйзамдар бар. Ар бир журналисттин арыкты аттап өтпөй турган ички цензурасы болот. Бул анын маданиятына, уятына, билимине байланыштуу болуш керек. Кээде кыска чөйрөнүн кызыкчылыгына ойноп кетет. Шайлоо учурларында, атаандаштык саясатта жоопкерчиликти сезип, ички цензура болуш керек. Бул деген бара-бара өз ордуна келе турган нерсе. Кээде ушак катары жазып коюшат, бул да иренжитет», — деди саясатчы Темир Сариев.

Марал радиосужаңысезонду #жаңы_студияда өзгөчө дата (09.09.19) менен баштадык#Атайын_чыгарылыш Internews in Kyrgyzstanдын директору Elina Karakulova менен медиа эксперт Azamat Tynaev "Кыргызстандагы сөз эркиндиги, медиа рыноктун абалы тууралуу талкуулашууда. 09:00дөн саат 12ге чейинсаясатчылар, депутаттар, коомдук ишмерлер жана маданият өкүлдөрү биздин жаңы студиябызда конокто. Мунун баарын биздин социалдык тармактар аркылуу #түз эфирден көрө_аласыздарАл эми бизди онлайн угуу http://maralfm.kg/radio/FM:⤵⤵⤵🇰🇬Бишкек 88.5🇰🇬Ош,Жалал-Абад 95.3🇰🇬Каракол 105.5🇰🇬 Талас 106.1🇰🇬 Нарын 106.3🇰🇬 Баткен 105#maralfmkg #маралфм #радиомарал #маралтүзэфир #жаңы_студия #интерньюс #кыргызстан #бишкек #ош #жалалабад

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Воскресенье, 8 сентября 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM