Биз менен байланышыңыз

Темир Сариев 30-сентябрга чейин камакта калтырылды

Кыска кабар | 25 Авг 2021 | 362 | 0

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев 30-сентябрга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиргендей, анын жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн.

Бирок, соттук коллегия ишти карап, жактоочунун арызын канааттандырган жок. Сариевди УКМКнын тергөө абагында кармоо улантылат.

Белгилей кетсек, Темир Сариев 3-августта 48 саатка камалган. УКМК Сариев экономика министри жана тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда «Кумтөр» кенинин ишинен экологияга келтирилген зыянды азайтып көрсөткөнүн жана анын айынан мамлекет ири өлчөмдөгү чыгымга учураганын билдирген.

Сариев: «Кумтөрдү» ачыктаган адам камалып, мамлекетке зыян келтиргендер боштондукта жүрөт

Copyright © 2017 Maral FM