Биз менен байланышыңыз

Сариев: «Кумтөрдү» ачыктаган адам камалып, мамлекетке зыян келтиргендер боштондукта жүрөт

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 3835 | 1

«Кумтөр» иши боюнча камакка алынган Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Темир Сариев коомчулукка кайрылуу жолдоду.

Сариев кайрылуусунда Экология жана климат боюнча комитеттин төрайымы Динара Кутманова берген жалган көрсөтмө менен 3-августтан бери УКМКнын тергөө абагында камакта отурганын айтат.

Анын айтымында, ал жетектеген «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссия Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн тиешелүү чечимдери менен 2012-жылдын жай айында түзүлүп, анын курамында 25 киши болгон. Комиссияга паритеттик негизде Жогорку Кеңештин ар бир фракциясынан 2 депутат, министрлер, мамлекеттик агенттиктин, инспекциянын жетекчилери, эки губернатор, жергиликтүү эксперттер, илимпоздор, коомдук ишмерлер кирген.

«Мамлекеттик комиссиянын иши регламенттин негизинде, ачык-айкын, бардык отурумдар ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда жана КТРдин түз көрсөтүүсү менен өттү.

Комиссиянын ишине эки эл аралык лаборатория (Германия, Словения) – экологиялык жана аудитордук фирмалар тартылган. Динара Кутманова да жергиликтүү эксперт катары жумушчу топко кирген. 

Мамкомиссия үч топко бөлүнүп, бардык мүчөлөрү өз каалоолору менен иш топторго кирген.

— Биринчи юридикалык топту ошол учурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов;

-Экинчи социалдык-экономикалык топту финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков;

-Үчүнчү техникалык-экологиялык топту ошол кездеги мамэкотехинспекциянын жетекчиси Осмонбек Артыкбаев башкарган.

Мына ушундай жооптуу адамдар башкарып, текшерүү иштерин өздөрү уюштуруп, ачык-айкын, кылдат жүргүзгөн. Жыйынтык корутундуну өздөрүнүн отурумунда чыгарышкан. Алардын иштерине эч ким кийлигишкен эмес. Мамлекеттик комиссия «Кумтөр» долбоорун 1992-жылдан баштап 2011-жылга чейинки иштерин кылдат, толук текшерип чыккан», — дейт Сариев.

«Ар-бир маселени тыкыр карап: кайсы чечимди Кыргызстандын атынан ким кабыл алган, ага кайсы жетекчи кол койгон; мамлекеттин Конституциясы, мыйзамдары сакталганбы; мамлекетке кандай зыян келген, кандай кыянаттык болгон; экологиялык маселелер кантип корголбой калган; эмне үчүн салыктар түшпөй калган; ким салыктардан бошотууга кол койгон; эмне үчүн мөңгүлөр казылган, бош топурак менен мөңгүлөр аралашкан; калдыктарды сактоочу жай эмнеге талапка жооп бербейт; биз кантип «Кумтөр» долбоорун башкаруудан айрылдык, кантип Кыргыз Өкмөтү «Кумтөр» боюнча иммунитеттен айрылды; эмне үчүн мыйзам бузуу менен «Центерра» менен түзүлгөн келишимге эл аралык статус берилди; Конституциялык сот эмне үчүн чечим чыгарып, бекитип берди; Нарын дарыясына кандай тобокелчилик жаралган; эмне үчүн экологиялык төлөм 100 эсеге кыскарган жана башка толгон мыйзам бузуулар сүрөттөрү, лабораториялык анализдери менен мамкомиссиянын 500 беттен турган отчетуна кирген», -дейт ал.

Анын айтымында, комиссиянын отчетун өкмөт да, Жогорку Кеңеш да карап, жактырып берген.

«Динара Кутманова ошол отурумга катышып, өзүнүн оюн айтканга, суроолорго жооп бергенге мүмкүнчүлүк алган. Динара Кутманованын: «Темир Сариев экологиялык зыянды кыскартып койду», — дегени карандай калп. Анын эксперт катары 25 барактан турган корутундусу толук отчетко кирген: 324-349-бет. Ал айтып жаткан 5 млрд доллар зыян отчеттун 327-бетинде бакыйып жазылып турат. Бирок ошол эле өзү берген сунуштарында бир да жеринде сотко берүү керек деген сөз жок. Ушундай жазылып турса да, «меникин киргизбей койду» дегенди кандай түшүнсө болот? 

Мындан башка мамлекеттин жаратылышты коргоо агенттиги санап чыккан 15 млрд 567 млн 832,8 миң сом, мамлекеттик экотехинспекция санап чыккан 7 млрд 50 млн 257,6 миң сом отчеттун 477-бетинде жазылган.

Биздин мыйзам боюнча, мамлекеттик депутаттык комиссиянын сотко берүүгө укугу жок. Андай укук мамлекеттик агенттикке, инспекцияларга берилген. Ошондуктан отчеттун 43-беттеги 11-пунктунда: «Мамлекеттик комиссия «Центеррага» берилген бардык доо-арыздарды колдойт», — деп корутундуга жазылган. Ошону бардык комиссиянын мүчөлөрү жактырып кол коюшкан. Кимдин өзгөчө пикири болсо, алар тиркемеге кирген», — дейт Сариев.

Ал катында Кумтөр боюнча оюн дайыма ачык билдирип келгенин белгилейт.

«Мына ушул маселелерди эч коркпой, тайманбай, мамлекеттин кызыкчылыгын сактап, бардык фамилияларды жазып коомчулукка жеткирген адам азыр жалган жалаанын негизинде мыйзамсыз камалып отурат.

Мен ар бир адамдын көзүнө тик карап, «Кумтөр» маселесин ачык кылып, эмнени текшерип чыксак, толук бердик деп тайманбай айта алам. Ушунун баарын ачыкка чыгарган адам камакта, ал эми чечим кабыл алып мамлекетке зыян келтирген адамдар боштондукта. Мен элимдин, үй-бүлөмдүн алдында абийирим таза. Чындык жеңет. Мен буга ишенем», — деген ал.

Белгилей кетсек, Темир Сариев 3-августта кармалган. 4-августта Биринчи май райондук сотунун чечими менен 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. УКМК Сариев экономика министри жана тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда «Кумтөр» кенинин ишинен экологияга келтирилген зыянды азайтып көрсөткөнүн жана анын айынан мамлекет ири өлчөмдөгү чыгымга учураганын билдирген.

1 пикир

1 пикир

  1. Мурат

    25.08.2021 19:28

    Кимиңдин катышың бар, баарыңды атыш керек.Баарың так, таза иштесеңер, ким жеп- жутту, элби? Кыскартып туруп баарыңда атууга салыш керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM