Биз менен байланышыңыз

Темир Сариев «Бүтүн Кыргызстандан» да чыкты, шайлоого барбайт

Кыска кабар | 23 Авг 2020 | 870 | 0

Саясатчы Темир Сариев быйыл өтө турган парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен да барбай турган болду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Бул өкүнүчтүү. Түшүнүп турам, түшүндүрүү да кыйын. Эч кимди күнөөлөгүм келбейт. Күнөө менде, менин принциптеримде,-деп жазган саясатчы.

Ал өткөн 20 жылда саясатта активдүү болгонун эске салып, бул чечими үчүн партиялаштарынан жана колдоочуларынан кечирим сурады.

Эскерте кетсек, «Акшумкар» партиясынын лидери Темир Сариев башында «Ата Мекен» партиясы менен бармакчы болуп, кийин ал саясий топтон чыккан. Бул тандемдин аякташынын себеби айтылган эмес. Бирок партия лидери Өмүрбек Текебаев мындай чечимге «Ата Мекен» канаттана турганын «Азаттыктын» эфиринде айткан болчу.

Андан кийин Темир Сариев «Бүтүн Кыргызстанга» кошулганын жарыя кылган.

Copyright © 2017 Maral FM