Биз менен байланышыңыз

Айбек Калиевди «Улуттукэнергохолдингге» Темир Сариев жетекчи кылган

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 553 | 0

Бишкек жылуулук борборундагы коррупциялык иштер боюнча соттолуп жаткан Айбек Калиевди «Улуттукэнергохолдинг» ишканасына Темир Сариев жетекчи кылып тандаган. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБи боюнча соттук териштирүүдө айтылды.

Отурумда экс-премьер-министр Темир Сариев күбө катары суралды.

Айбек Калиев мурунку өкмөт башчыдан аны «Улуттукэнергохолдингге» жетекчи катары ким дайындаганын тактады.

«Мени Сапар Исаковдун кишиси деп айыптап жатышат. Мени холдингге жетекчи кылуу чечимин ким кабыл алды эле?», — деп сурады Калиев.

Сариев Калиевди аталган кызматка дайындоо чечимин өзү кабыл алганын айтты.

«Мен аскерий органдардагы жогорку кызматтарга кимди коюу маселесин гана президент менен чогуу чеччүмүн. Калган кызматтар боюнча чечимди жалгыз өзүм кабыл алчумун», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM