Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек арадагы тажик жарандарынын курулуш иштери токтотулду

Кыска кабар | 3 Ноя 2021 | 659 | 0

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү чек арадагы курулуш боюнча маалымат берди.

Буга чейин Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү менен чектешкен Майский тилкесинде тажиктер курулуш иштерин жүргүзүп жатканы аныкталган. Айтылган факт боюнча Кыргызстандын Көк-Таш чек ара постунун башчысы Тажикстандын Хожа-Алъо айылдык чек ара бөлүмүнүн башчысы менен, ал эми Ак-Сай айылынын башчысы Чорку айылынын башчысы менен сүйлөшүп, курулуш иштери толук токтотулган.

Учурда аймакта абал туруктуу. Эч кандай курулуш иштери жүргүзүлгөн жок.

Айта кетсек, 30-октябрда Ай-Сайдын Майский тилкесинде тажиктер көпүрө салууга жерпай түптөп жатканы айтылып, текшерүү учурунда анын чындык экени такталган.

Copyright © 2017 Maral FM