Биз менен байланышыңыз

Эркин Жолдошалиев Жогорку Кеңешке депутат болду

Кыска кабар | 28 Окт 2021 | 403 | 0

Эркин Жолдошалиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШК ага күбөлүк жана төш белги тапшырды. Ал Абдумажит Юсуровдун ордуна «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болду.

Абдумажит Юсуров өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыратылган.

Эске салсак, Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM