Connect with us

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, дагы 125 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 230 | 0

Кыргызстанда 22-октябрга карата коронавирус дагы 125 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 58, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 36, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 59 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 639 бейтап, амбулатордук түрдө 622 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 348 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 647 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM