Биз менен байланышыңыз

Ошко Орусиянын жаңы башкы консулу Андрей Бибишев келди

Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 340 | 0

Ош шаарына Орусиянын жаңы башкы консулу Андрей Бибишев келди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, Бибишев тажрыйбалуу дипломат, буга чейин ал Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүнүн үчүнчү департаментинин бөлүм башчысы болгон. Ошондой эле Никарагуа, Панамадагы элчисинин кеңешчиси болуп иштеген.

«Андрей Бибишев жетекчилиги астында Оштогу Башкы консулдук Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү кызыкчылыгында мындан ары да эффективдүү иштерине ишенебиз», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM