Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчөт

Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 473 | 0

Эртең, 14-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Таза суу «Батыш-2» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде өчүрүлөт.

Ала-Арча суусу темир жол линиясы, Жибек-Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары жана Жаш Гвардия — Темир жол линиясы, Фрунзе — Манас көчөлөрү чектешкен аймакта суу токтотулат.

Copyright © 2017 Maral FM