Биз менен байланышыңыз

Оренбургда жасалма спирт ичимдигинен 26 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2021 | 795 | 0

Орусиянын Оренбург облусунда жасалма спирт ичимдиктерин ичкенден кийин 54 адам жабыркап, алардын 26сы каза болгон. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги аймактык саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып жазды.

Буга чейин аталган аймакта жасалма арактан 21 адам каза болгону белгилүү болгон. Аймактык саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы 54 адам жабыркаган. Каза болгондордун санынын көбөйүшү оор абалда ооруканаларга түшкөндөрдүн арасында катталууда.

Маалыматта айтылгандай, ооруканага түшкөндөрдү Оренбург облусунун эң тажрыйбалуу реаниматолог жана наркологдорунун тобу карап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM