Биз менен байланышыңыз

Оренбургда жол кырсыгынан каза тапкан 4 кыргызстандыктын өздүгү аныкталды

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 2763 | 0

Орусияда жол кырсыгынан каза тапкан 4 кыргызстандыктын өздүгү аныкталды. Алар 29, 34, 35 жана 38 жаштагы жарандар болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Мындан тышкары, 1991, 1887, 1888-жылдары туулган дагы үч кыргыз жараны жабыркаган. Алар Соль-Илецктеги шаардык ооруканага жеткирилген. Жабырлануучулардын абалы орточо оор экендиги айтылууда, бүгүн алар реанимациядан стационардык палаталарга которулат.

Окуя 8-декабрда Оренбург облусунун Казан-Оренбург-Акбулак автожолунун 76-чакырымында болгон. Ичинде кыргызстандыктар отурган «Тойота Превиа» каршысында келе жаткан «Мерседес Спринтер» кичи автобусу менен кагылышкан. Кичиавтобуста Өзбекстандын бир жараны болгон. Ал да учурда ооруканада.

Copyright © 2017 Maral FM