Биз менен байланышыңыз

Оренбургдан чыккан 413 кыргызстандык Бишкекке келди

Кыска кабар | 24 мая 2020 | 1091 | 0

Орусиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 413 кыргыз жараны бүгүн, 24-майда, Бишкекке келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстандын Оренбургдагы Ардактуу консулу менен биргеликте Орусиянын жергиликтүү бийлик органдарынын кызматташуусу менен жарандарды Бузулук районунан чек арадагы «Сагарчын – автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин алып келүү маселесин иштеп чыгышкан.

Ошентип, Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик коридор аркылуу эки күн жүргөн кыргызстандыктар өкмөт камсыздаган 9 автобус менен Кыргызстанга келишти.

Белгиленген тартипте келгендердин бардыгы тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Коронавирус инфекциясынын жайылуусунан улам киргизилген чектөөлөр шарттарында, мекенине кайтаруу боюнча Президенттин тапшырмасын ишке ашыруу улантылууда.

Ошол эле учурда ТИМ Орусияда жүргөн кыргызстандыктарды Оренбург облусуна барбоого чакырат, анткени орус-казак мамлекеттик чек арасы дагы эле жабык бойдон калууда.

Copyright © 2017 Maral FM