Биз менен байланышыңыз

Оренбургдагы мекендештерибиз убактылуу балдар лагерине жайгаштырылат

Кыска кабар | 10 мая 2020 | 653 | 0

Орусия Федерациясынын Оренбург облусунда калган кыргызстандыктар Бузулук районундагы балдар лагерине убактылуу жайгаштырылат.

Аталган аймактын администрациясы бул аймакта өзүн-өзү изоляциялоо режимин сактоо негизинде, Кыргызстандын жарандарына Казакстандын чек арасы ачылганга чейин турууга уруксат берген. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирет.

Оренбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу жана диаспора активисттери бул боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен иш алып барышкан.

Бузулук шаарынын жанында 70ке жакын Кыргызстандын жарандары бар.

Ушул жылдын 7-майында Соль-Илецк шаарынан 541 жараныбыз Казакстан тарабы түзүп берген бир жолку акциянын алкагында транзит коридордон өтүп, Кыргызстанга келишкен.

Тышкы иштер министрлиги жарандарыбыздын Соль-Илецк шаарынан алынып келиши Орусиянын аймагындагы башка жарандарыбыздын орус-казак мамлекеттик чек арасы тарапка баруусуна түрткү болбошу керектигин буга чейин да маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM