Биз менен байланышыңыз

«Шереметьево» аэропортундагы кыргызстандыктар боюнча элчилик үн катты

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 914 | 0

Орусиянын Москва шаарындагы «Шереметьево» эл аралык аэропортунда кыргызстандыктардын чек ара бекетинен массалык түрдө өтпөй калышына байланыштуу элчилик билдирүү таратты.

Маалыматка ылайк, учурда элчиликтин үч кызматкери Кыргызстандын жарандарына жардам берүү үчүн аэропортко жөнөтүлдү.

Орусиянын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн оозеки түрдө берген маалыматы боюнча, 7 -октябрда эртең менен «Шереметьево» эл аралык аэропортунда 100гө жакын Кыргыз жараны болгон. Узак убакытка созулган өткөрүү Орусиянын Чек ара кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан текшерүү иш-чаралары менен байланыштуу экендиги айтылган.

Орусияга кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын өзгөртүү боюнча мурда аныкталган  учурларга байланыштуу, кыргыз жарандары тарабынан мындай мыйзам бузууларды болтурбоо үчүн чаралар күчөтүлүшү мүмкүн экендиги айтылууда.

Мындан тышкары, текшерүүнүн алкагында, жарандардын Орусияда тыюу салынган уюмдарга катыштыгы текшерилет.

Аэропорттун өкүлдөрүнө Кыргызстандын жарандарын тамак -аш менен камсыздоо боюнча өтүнүч билдирилген.

Copyright © 2017 Maral FM